Радиожыштыктарды сатып алууга байланыштуу "НУР Телеком" компаниясынын билдирүүсү

31.10.2018

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттарынын «НУР Телеком» ЖЧК радиожыштыктарды колдонуу үчүн лицензияларды мыйзамсыз алган деген akipress.kg, Тазабек маалымат ресурстарына жана башка массалык маалымат каражаттарына жарыяланган билдирүүлөрүнө байланыштуу «НУР Телеком» ЖЧК төмөнкүлөрдү билдирет:

2018-жылдын 18-октябрындагы Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда Айнура Алтыбаева, 2018-жылдын 23-октябрында ЖК комитетинин отурумунда Марлен Маматалиев, 2018-жылдын 29-октябрында Эльвира Сурабалдиева тарабынан билдирилген жана бир катар массалык маалымат каражаттарында жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт жана фактылар менен тастыкталган эмес. «НУР Телеком» ЖЧК бул маалымат коомчулукту жаңылтып жана Компаниянын ишкерлик кадыр-баркына шек келтирип жатат деп эсептейт.

«НУР Телеком» ЖЧК бардык жыштыктар жана аларды колдонуу укуктары бүт бойдон Компания тарабынан белгилеген регламент жана процедураларга ылайык, ар бир көрсөтүлгөн жыштык ресурстарын сатып алуу учурундагы колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына так жооп берүү менен алынгандыгын расмий түрдө билдирет.

«НУР Телеком» ЖЧК («О!» мобилдик оператору), мыйзамдардын бардык жоболорун ар дайым так жана кынтыксыз аткарган, Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу тажрыйбасынын жакшы үлгүсүнүн өрнөгү болгон ак ниеттүү инвестор жана салык төлөөчү болуп саналат. Бүгүнкү күндө Компания Кыргыз Республикасынын уюлдук байланыш операторунун алдыңкыларынын бири, өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн ондугуна кирет. Компаниянын 2009-жылдан башталган коммерциялык ишмердүүлүгүнүн ичинде эле экономиканын реалдуу секторуна 136 млн. АКШ доллары көлөмүндө инвестиция тартылган, ал эми 2017-жылы бул көлөм бир жылда дээрлик 20 млн долларга жетүү менен инвестициялык ишмердүүлүктүн темпи өсүп жатат.

Жакын арада Президент С.Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө өлкөдөгү ишкерлик чөйрөсүндөгү абалды так аныктап берди: «Жеке менчикти коргоо жана келишимдин шарттарын аткаруу деген рыноктук экономиканы негизин түзө турган эки институт толук кандуу камсыздалган эмес», жана төмөнкүдөй милдет койду: «Жалпы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иш жүргүзүү актуалдуу бойдон калууда… Инвестор үчүн эң башкы нерсе – бийлик органдарынын чынчылдыгы жана сот системасынын адилеттүүлүгү… Текшерүүчү органдардын бизнес иштерине негизсиз кийлигишүүлөрүн токтотуу керек».

Тилекке каршы, чыныгы турмушта биз байкап жаткан нерселер Президент С.Жээнбековдун сөздөрүн тастыктайт. Бардык деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнүн бизнес менен диалог кура билүүлөрү үчүн жана тең укуктуулук менен өз ара урматтоонун негизиндеги мамилелер аркылуу экономикага тартылган инвестицияларга өбөлгө түзүүлөрү үчүн көп иштер аткарылышы керек. Биз компанияда бардык суроолорго ачыкпыз, көз караштар менен ыкмалардагы айырмачылыктарды жакшы түшүнөбүз, бирок дароо эле укук коргоо органдарына чара көрүү чакырыктарынан баштабай, ар дайым экинчи тарапка дагы түшүндүрүү үчүн мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз. Нормалдуу процедура сакталган учурда, маселе Өкмөттүн тиешелүү органдары тарабынан текшерилиши жана салмактуу негиздер табылган учурда гана укук коргоо органдарына мыйзам чегинде өткөрүлүп берилиши керек эле. Өзгөчө такталбаган же толук эмес маалыматтардын негизинде ачык жана атаандаш экономиканы, инвестициялык климатты өнүктүрүүнү жана жакшыртууну колдогон депутаттардын бул багыттагы билдирүүлөрү күтүүсүз болду.

Компания тарабынан жыштыктар боюнча көтөрүлгөн маселелерге кошумча түшүндүрмөлөр

Компаниянын түрдүү 800, 900, 1800 жана 2100 МГц диапозондордогу радиожыштыктарын колдонуу укугун берүүчү бир нече лицензиялары бар. Алардын баары ар түрдүү мезгилде жана бул тармакта акыркы жылдарда бир нече жолу өзгөргөн мыйзамдардын түрдүү жоболорунун негизинде алынган. Жыштыктардын бир бөлүгү «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө» КР мыйзамынын процедураларына ылайык, 1000 сом (2017-жылдын 12-августуна чейин жарактуу болгон) мамлекет алымын төлөө менен алынган.

Бул көрсөтүлгөн мөөнөттө жыштыктарды берүү КР рыногунун бардык катышуучуларына жана башка байланыш операторлоруна тең мыйзамдуу негиздерде жүргүзүлгөн. Мисалы, 27.12.21016-жылы алынган 900 МГц (880-885/925-930 МГц) жыштыгынын диапозонундагы «Нуртелекомдун» лицензиясы боюнча көтөрүлгөн маселелердин алкагында, «Альфа Телеком» ЖАК (Megacom СМ) жана Sky Mobile ЖЧК (Beeline СМ) эки ири байланыш оператору менен бирге КР бардык байланыш операторлору эч кандай аукциондорду/конкурстарды өткөрбөстөн, 2G/3G түйүндөрүн куруу үчүн 900 МГц радиожыштыгындагы диапозондорду колдонуу үчүн ошол учурдагы колдонуудагы процедуранын негизинде 1000 сом мамлекеттик алымды төлөө менен «Нуртелеком» ЖЧК сыяктуу эле мурда алышкандыгын белгилөө керек. Мында, мамлекет тарабынан берилип жаткан ресурс толугу менен «акысыз» эмес экендигин эске алуу керек, базалык станцияларга бөлүнгөн жыштык кошулуулардын санына жараша ири мобилдик операторлор 900 МГц радиожыштык диапозонун колдонгондугу үчүн квартал сайын миллиондук төлөмдөрдү бюджетке төлөмдөрдү жүргүзүп жатышат.

Жыштыктарды берүү процедурасына киргизилген өзгөртүүлөрдүн кийинки таржымалы төмөндөгүдөй:

Жаңы муундагы 4G/LTE түйүндөрүн куруу үчүн бошогон жаңы 800 МГц радиожыштык диапозонун бөлуп берүүгө даярдыктын алкагында, жаңы муундагы түйүндөрдү өнүктүрүү үчүн керектүү бул стратегиялык диапозон үчүн башка өлкөлөрдөгү аукцион өткөрүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбага таянып, 2015-жылы КР Өкмөтү LTE тилкесиндеги 800МГц конкреттүү диапозонун бөлүп берүү боюнча пилоттук аукционду өткөрүү боюнча чечим кабыл алат (КР Өкмөтүнүн Токтому 27.08.2015, №608). Бул Токтом радиожыштык спектрин колдонуу укугунун лицензияларын берүү колдонуудагы процедураларын өзгөрткөн жок (лицензияларды мамлекеттик алымды төлөө менен берүү процедурасы сакталды), бирок пилоттук аукциондун алкагында жеке ар бир диапозонго 800 МГц жыштыгы боюнча диапозонду ижарага алуу келишимин түзүүгө аукцион боюнча баалары коюлду. Чечим бир жолку гана болуп, көрсөтүлгөн пилоттук аукционго гана колдонуу менен чектелген.

«НУР Телеком» ЖЧК 800 МГц (LTE) жыштыктары боюнча диапозондорду ижарага алуу келишимин түзүү боюнча бул пилоттук аукционго катышкан жана башка байланыш операторлору сыяктуу эле бирдей негизде 1000 сом мамлекеттик алымды дагы, ошондой эле КР Өкмөтүнүн 27.08.2015-ж. №608 Токтомуна ылайык, аукциондун жыйынтыгы боюнча баанын өз бөлүгүнүн 1.5 миллиард сом толук көлөмүн башка төлөм менен бюджетке төлөп берген. Өкмөттүн №608 Токтому бул гана аукционго тиешелүү болгон жана башка жыштыктарга тиешелүү жаңы нормалары болгон эмес, 900 МГц жыштык диапозонундагы жыштыктарга, ошондой эле башка жыштык диапозондорго тиешеси жок.

КР радиожыштыктарын колдонуу укугунун лицензияларын берүүдө аукциондорду/конкурстарды өткөрүү мыйзамы 2017-жылдын 12-авгутсунда бекитилди жана күчүно кирди, башкача айтканда «НУР Телеком» ЖЧК 900 МГц диапозонундагы талкууланып жаткан лицензиясын алгандан бир жылдан кийин күчүнө кирип отурат. 2017-жылдын август айында күчүнө кирген, аукциондордун процедурасын жөнгө салуучу нормативдик-укуктук акт, байланыш операторлоруна, анын ичинде «НУР Телеком» жоопкерчилиги чектелген коомго да мурда берилген жыштык лицензияларына кайтарым күчүнө кире албай тургандыгы анык.

Депутаттар өз сөздөрүндө «НУР Телеком» тарабынан 2017-жылы алынган жыштыктарга да токтолушту. 2017-жылдын башында «НУР Телеком» компаниясы «Ак-Тел» активдеринин (Фонекс СМ) негизинде курулган «Семь Мобайл» компаниясын, аны менен бирге ага тиешелүү жыштыктарга болгон укуктарын банкроттук процедурасынын негизинде сатып алган. Келишимдин негизинде «НУР Телеком» банкрот болуп калган «Ак-Телдин» кредиторлорунун бардык талаптарын аткарып, 150 миллион сом төлөп берген, ошондой эле Мамлекеттик байланыш агенттигине болгон 50 миллион сомдон ашуун карызын жапкан. Бул активдерди сатып алуу келишими жана бул келишимге тиешелүү процесстер радиожыштыктар боюнча мурда аты аталган мыйзамга өзгөртүү кире электе ишке ашырылган. Кошумча маалымат катары, «Семь Мобайл» («Ак-Тел» ЖЧК активдеринин негизинде курулган – банкрот (Фонекс)) ЖЧК сатып алуу боюнча келишимдин мыйзамдуулугу КР сот системасынын бардык деңгээлдеги органдары тарабынан тешерилгендигин, Жогорку Сотто акыркы актыларынын чыгарылыш менен күчүнө киргендигин жана мыйзамдын белгиленген процедуралары дана нормаларына шайкеш келгендиги тастыкталгандыгын кошумча билдиребиз.

Ошентип, жөнөкөй гана анализдин негизинде, депутаттар тарабынан көтөрүлүп жаткан «НУР Телекомго» радиожыштык ресурстарын бөлүп берүү боюнча Компания тарабынан дагы, тиешелүү мамлекетти органдар тарабынан дагы эч кандай мыйзам бузуулардын болбогондугун анык көрүнүп турат.

«НУР Телеком» компаниясы бардык маселелер тынч жана жумуштук атмосефрада талкууланып чечилерине ишенет, анткени сөз миллиондогон колдонуучулардын кызыкчылыктарына тиешеси бар кызматтардын стабилдүү иштөөсү жөнүндө болуп жатат. Ийгиликтүү рыноктук экономиканы өнүктүрүү жогорку укуктук маданият болгонда гана мүмкүн.


Тизмеге кайтуу