Интернет тарат!

Интернет тарат!

Интернет тарат!

SIM-картаңызды модем катары колдонуңуз!
Өз смартфонуңузду модем катары колдонуу жана башка колдонуучулар менен интернет-трафикти бөлүшүү үчүн «Интернет тарат!» кызматын кошуп алыңыз.

Кошуу:   711#
Өчүрүү:   7110#
Абалды текшерүү:   7119#

7 күнгө абоненттик төлөм: 40 сом
«Переходи на О!» тарифтер топтомун кошкондо, 7 күндүк топтому менен тарифтер үчүн.

28 же 30 күнгө абоненттик төлөм: 100 сом
«Переходи на О!» тарифтер топтомун кошкондо, 28 же 30 күндүк топтому менен тарифтер үчүн.

«Интернет тарат!» кызматынын мөөнөтү – тариф үчүн абоненттик төлөм алынгандан кийин автоматтык түрдө узартуу мүмкүндүгү менен тарифиңиз боюнча кезектеги абоненттик төлөмдү алуу аракетине чейин. 

Бүт баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү. 
• «Интернет тарат!» кызматынын алкагында кызматты «Мой О!» тиркемеси аркылуу автоматтык узартуу функциясын күйгүзүү мүмкүндүгү каралган. Бул функцияны активдештирген учурда, эгерде тариф үчүн абоненттик төлөмдү алгандан кийин баланста «Интернет тарат!» кызматы үчүн абоненттик төлөмдү төлөө үчүн жетиштүү каражат болсо (40/100 сом же андан көбүрөөк), анда абоненттик төлөм алынат жана кызматтын шарттары тариф үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу аракетине чейин автоматтык түрдө узартылат. Эгерде тариф үчүн абоненттик төлөмдү алгандан кийин баланста «Интернет тарат!» кызматынын шарттарынын мөөнөтүн узартуу үчүн каражат жетишсиз болсо, анда кызматтын шарттарын көрсөтүү убактылуу токтотулат (интернет таратуу мүмкүндүгү убактылуу токтотулат);

• Балансты толуктагандан кийин *711# буйрутмасын терүү аркылуу кызматтын шарттарын өз алдынча кайра баштатууга болот, же болбосо кызмат жогорудагы шарттарга ылайык тариф үчүн кезектеги абоненттик төлөм алынган учурда автоматтык түрдө узартылат.

• Автоматтык узартуу функциясы күйүк кызмат боюнча абоненттик төлөмдүн автоматтык түрдө алынышы кызмат үчүн абоненттик төлөм акыркы жолу алынган учурдан баштап 91-күнү токтойт;

• «Интернет тарат!» кызматы күйүк болсо, «Интернет тарат!» кызматы *711*0# буйрутмасы менен өчүрүлгөнгө чейин «СУПЕРХАЙП + YouTube» акциясын кошуу мүмкүн эмес;

• «СУПЕРХАЙП + YouTube» акциясы кошулган болсо, Акция өчүрүлгөнгө чейин «Интернет тарат!» кызматын кошуу мүмкүн эмес;

• «Интернет тарат!» кызматы кошулган учурда, «Чексиз Instagram, WhatsApp, Telegram» кызматын кошуу мүмкүн эмес;

• «Чексиз Instagram, WhatsApp, Telegram» кызматы кошулган учурда, «Интернет тарат!» кызматын кошуу мүмкүн эмес;

• Активдүү автоматтык узартуу функциясы менен «Интернет тарат!» кызматы кошулган болсо жана учурдагы тариф бул тарифтин алкагында кызматты ушундай эле баада көрсөтүү шарттары каралбаган башка тарифке которулса, анда кызматтын бардык шарттары өчүрүлөт;

• Активдүү эмес автоматтык узартуу функциясы менен «Интернет тарат!» кызматы кошулган болсо жана учурдагы тариф башка тарифтердин бирине которулса, анда кызматтын бардык шарттары өчүрүлөт;

• Активдүү автоматтык узартуу функциясы менен «Интернет тарат!» кызматы кошулган болсо жана учурдагы тариф бул тарифтин алкагында кызматты ушундай эле баада көрсөтүү шарттары каралган башка тарифке которулса, анда автоматтык узартуу функциясы кошулуп, кызматтын бардык шарттары сакталып калат;

• Баалар бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.