БИРГЕ АРЗАН

БИРГЕ АРЗАН

Бүт үй-бүлө үчүн Интернет комплекти!

  • Трафик боюнча чектөөсүз максималдуу ылдамдыктагы үйдөгү Интернет үчүн РОУТЕР!
  • О! түйүнүнүн ичинде акысыз чалуулар, өлкөнүн башка мобилдик түйүндөрүнө чалуу үчүн 10 мүнөт, жана SMS үчүн 3 SIM-карта жана айына 40 Гигабайттан Интернет-трафик.
  • Үнөмдөөнү дароо азыр баштаңыз! Кошулуу үчүн табыштамаларды төмөнкү номерлер аркылуу калтырыңыз: 0 500 000 955 (башка мобилдик операторлордун абоненттери үчүн чалуулар алардын тарифтик планына ылайык тарифтештирилет).

Бардык О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөнүнөн комплектини сатып алса, ошондой эле «Бирге арзан» тарифине кошулса болот.

Жаңы тарифке кошулуу өлкөнүн бардык облустарында жеткиликтүү!

Бүтүндѳй комплект үчүн абоненттик тѳлѳм:
айына 1390 сом.

Тарифти көрсөтүү шарттары:
Башкаруу буйрутмалары:
Тарифти көрсөтүү шарттары:
Кошумча маалымат:

«Бирге арзан» комплектиси 4 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – SIM-картаны телефондо пайдаланыш керек. Айлык абоненттик төлөм ушул SIM-картадагы номерден алынат. Кошумча номерлерди башкаруу да ушул номерден жүргүзүлөт.

2. Роутер үчүн SIM-карта (1 даана) – Комплектидеги бул SIM-картаны роутерде Интернетке чыгуу үчүн колдонуу керек. Комплектидеги гана SIM-карта менен роутер туура иштеши мүмкүн

3. Телефондо колдонуу үчүн кошумча SIM-карта (2 даана) SIM-карталарды үй-бүлө мүчөлөрүнө берип койсо болот жана аларды телефондо колдонуу керек. 

Топко үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша кошумча 2 SIM-картага чейин дагы кошсо болот: топто роутердеги SIM-карта менен бирге максимум  6 SIM-картага чейин кошуу каралган. "Бирге арзан" тарифине кошулган учурда базалык комплектте бөлүнгөн номерди (роутер үчүн каралган номерден башка) иштеп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга жол берилет, ал эми номердин улам кийинки алмаштыруусунун баасы 250 сомду түзөт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 250 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 3-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1640 сомду түзөт, 4-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1890 сом болот. 

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 5,99 сом/мүн.
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 2 кошумча) алгачкы 40 мобилдик интернеттин алгачкы 40 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • Роутердеги номер үчүн максималдуу ылдамдыктагы интернет 250 ГБ көлөмүндө берилет, андан ары ылдамдыгы секундасына 1 Мбит болуп белгиленет;
    • Максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет 250 ГБ көлөмүндө күндүзгү жана түнкү трафикке бөлүнбөстөн берилет, андан ары ылдамдыгы секундасына 1 Мбит болуп белгиленет;

    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:
    • <

    «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

    «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

    «Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

    «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

  • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «Бирге арзан» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
  • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
  • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
  • * 1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 3 600 сомду түзөт.

    «Бирге арзан» тарифинин чегинде О! түйүнүндө жеңилдетилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

    •17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

    Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган учурда тарифтештирүү шарттары төмөнкүдөй аткарылат, чалуунун 1 мүнөт баасы 1,18 сом, 1 SMS жөнөтүү баасы 1,50 сом.

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди кошуу

    *955*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди өчүрүү

    *955*0*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесин алуу

    *955*9#

    Интернет-трафиктин калдыгын топтогу бардык номерлер текшере алышат

    *728*9#

    • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
    • Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген кирүүчү чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
    • КР жергиликтүү байланыш операторлорунун чыгуучу чалуулары – 5,99 сом;
    • «Бирге арзан» тарифтик планына кошулганда, “Үн почтасы” кызматы кызматтын сайтта каралган шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;
    • «Бирге арзан» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык Роутер үчүн SIM-картанын номеринен башка номерди тандай алышат жана өзгөртө алышат;
    • Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кызматтардын бири кошулган болсо, «Бирге арзан» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 1 390 сомдон аз болсо, кошулган үзгүлтүксүз кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык үзгүлтүксүз кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;
    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;
    • «Бирге арзан» тарифтик планына кошулганда, “Бүткүл дүйнө” кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;
    • «Бирге арзан» тарифинин алкагында роумингдин кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;
    • Абоненттик төлөм алына турган учурда Башкы номердин балансында абоненттик төлөмдү төлөө үчүн каражаттар жетишсиз болсо, автоматтык түрдө роутердеги номердин балансы текшерилет жана каражаттар жетиштүү болсо, алар роутердеги номерден Башкы номерге  которулат да, Башкы номерден абоненттик төлөм алынат;
    • Эгер ай сайын алынуучу абоненттик төлөмдү алуу учурунда Башкы SIM-картанын балансында жеткиликтүү сумма жок болсо, анда абоненттин балансындагы бардык сумма болочок төлөм катары резервделет, ал эми жетишпеген сумма баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) көрсөтүлөт жана шашылыш кызматтардын акысыз номерлерине чалуулардан башка бардык чыгуучу мобилдик байланыш жана интернетке кирүү өчүрүлөт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонууну улантуу жана интернетке кирүү үчүн балансты айлык абоненттик төлөмдү алууга жеткиликтүү суммага толуктоо керек;
    • Роутерге Wi-Fi аркылуу 32 түзүлүшкө чейин эркин кошсо болот: үйдөгү телевизор, смартфондор, ноутбуктар, башка түзүлүштөр, Wi-Fi мүмкүнчүлүгүн Сиздин коноктор да пайдалана алышат;
    • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү жайы катары модем режиминде колдонордо «Интернетти тарат!» кызматы менен пайдалануу керек;
    • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
      ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
      ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.

    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент интернет-сервисти кыянаттык менен пайдаланса жана башка абоненттерге ыңгайсыздыктарды жааратса, анда тутум абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып (эсептешүү мезгилине чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы катары түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүү жана болуп саналат жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет;
    • «Бирге арзан» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде төмөнкү кызматтар: Мүмкүн: «Башка түйүндөргө 10 мүнөт», «Башка түйүндөргө 20 мүнөт», «Мобилдик айлык акы!» кызматы. Мүмкүн эмес: «5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң 3, 6, 12!», «Түнкү чексиздик+», «СУПЕРХАЙП» Акциясы, «О!го которул Light+ белек» («белекке» кызматтарын Белек берүүчү жана Алуучу катары кошуу мүмкүн эмес).
    • Роутер жана бардык SIM-карталардагы интернет топтому 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алуу учурунда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.
    • Комплекттин, бир айлык абоненттик төлөмдүн, Кошумча номерди кошуунун/алмаштыруунун жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасында КНС эске алынып, СС кошулган жок;
    • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.
    • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын  жана КР башка байланыш операторлоруна чалуулардын тарифтештирүү интервалы – 10 секунда.

    • Башкы номердеги «Бирге арзан» тарифин мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу Башкы номер катталган абонент каалаган О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жана 3600 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөгөндө гана мүмкүн;
    • Эгер абонент «Бирге арзан» тарифи менен пайдаланууну каалабаса, анда 3600 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөшү керек;
    • Башкы номер тарабынан «Бирге арзан» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «Бирге арзан» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт.;
    • Башкы номер тарабынан «Бирге арзан» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «Бирге арзан» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт;
    • Эгер Башкы номер топтогу Кошумча номерлердин бирөөсүн өчүрүп салса, анда өчүрүлгөн номердин тарифи «О!го которул 105» тарифине автоматтык түрдө алмашат;
    • Эгер Кошумча номерлердин бири «Бирге арзан» тарифин өз алдынча алмаштырып алса, анда Кошумча номердеги «Бирге арзан» тарифинин шарттары автоматтык түрдө өчөт да, учурдагы балансты эске алуу менен жаңы тарифтин шарттары кошулат.
    R0516_Black20181210.png
    Роутердин модели: Huawei LTE CPE B311s-220

    Түйүндѳрдү кѳтѳрѳ алышы: GSM, UMTS, LTE

    Маалыматтарды берүү ылдамдыгы - 150 Мбит/с чейин LTE Cat4 кармайт)

    Wi-Fi камтуу аймагынын радиусу 200 метрге чейин

    Wi-Fi боюнча 32 түзүлүшкѳ чейин   зымсыз туташуу

    Пайдалануучунун колдонмосу